Кадамжайдагы ооруканага жүрөк-кан тамыр ооруларын текшерген аппарат берилди

Салтанатта облус башчысы менен министр мамлекет мындан ары элдин саламаттыгын сактоо багытындагы иштерди көбөйтүү менен Баткен облусуна өзгөчө көңүл буруларын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Баткен облусундагы Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунда кардиологиялык жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү бөлүмдөрү ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
Иш сапары менен аймакка барган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев борборго ангиография (жүрөк-кан тамырларын изилдөөчү) аппаратын тапшырган.
Аталган аппарат жүрөктүн жана денедеги бардык тамырларды текшерип, жүрөк көңдөйүндөгү кан басымын ченейт. Ошондой эле бул жабдуу менен тубаса жүрөк кемтиги бар төрөлгөн балдарга жабык операция жасап, электрдик кардиостимулятор койсо болот.

"Жылдан-жылга көйгөйлүү болуп келе жаткан жүрөк-кан тамыр ооруларынын кескин түрдө өсүүсүнүн негизинде алгач кардиология жана кардиореанимация бөлүмү ачылды. Ошондой эле борбордо кошумча кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү бөлүмү да бар. Ал жактан жарандар кардиолог, акушер, гинеколог, хирург, травматолог, педиатр жана терапевт дарыгерлеринен медициналык жардам ала алышат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кадамжай райондук жалпы дарыгерлик практика борбору 200 миңден ашык элди тейлейт. 18 үй-бүлөлүк топ, 22 ФАП жана 14 бөлүмдөн турат.
Салтанатка катышкан облус башчысы Абдикарим Алимбаев менен министр Алымкадыр Бейшеналиев мамлекет мындан ары элдин саламаттыгын сактоо багытындагы иштерди көбөйтүү менен Баткен облусуна өзгөчө көңүл буруларын айтышты.
Чолпон-Атадагы "Алтын балалык" комплексине тез жардам унаалары берилди. Сүрөт