Итти оңой эле бөктөрө качкан кабыландын видеосу

Кабылан Индиянын адырлуу аймактарында ууга көп чыгат. Жырткычтын үй жаныбарына кол салган видеосун Twitter баракчадан 113 миң адам көргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Индияда кабыландын итти тиштеген тейде дубалдан секирип чыгып кеткени видеого түшүп калган.
Видеону Индиянын токой кызматынын офицери Парвин Касван Twitter баракчасына жарыялаган. Роликти 113 миң адам көргөн.
Кадрдан жырткыч короонун жабылып турган дарбазасынан секирип кирип, итке кол салганы көрүнүп турат. Бир аздан кийин кичинекей эмес, кадыресе эле чоң итти бөктөрүп, келген жагын көздөй секирип, чыгып кеткен.
"Бул кабыланды карагылачы. Башка жаныбарларды жөн эле кайсап коёт", — деп жазган Касван.
Видеонун алдындагы комментарийлерде кабыландын итке көп аңчылык кыларын жазышкан. Маалыматта мындай коркунучтан коргош үчүн кээ бир кожоюндар итине темир каргы кийгизип коёру жазылган.
Индия: кабыландын итти жаткан жеринен тамактап, көтөрүп кеткен видеосу