Жаңы жүздөр келди. Алгачкы жыйынга чогулган депутаттардын видеосу

Ант берүү иш-чарасынан кийин жаңы чакырылыштын алгачкы жыйыны өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Бүгүн, 29-декабрда, Жогорку Кеңеште VII чакырылыштын депутаттарынын ант берүү иш-чарасы өтүп жатат.
Учурда шайланып келген депутаттар парламенттин трибунасында ант берип жатышат. Ал эми БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова аларга кызматтык күбөлүк жана депутаттын төш белгисин тапшырды.
Ант берүү иш-чарасынан кийин жаңы чакырылыштын алгачкы жыйыны өтөт.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Жыйынтыкка ылайык, парламентке 90 адамдын ордуна 88 киши депутат болуп келет. Себеби бир мандаттуу эки шайлоо округунда "баарына каршы" деген графа көп добуш алган. Бул аймакта кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланат.
Парламенттин жыйынын Sputnik агенттигинин түз эфиринен көрүңүздөр.
Тарыхта өзгөчөлөнүп калган депутаттар. VI чакырылыштын унутулгус жоруктары