Жанар Акаев депутат болуп келет. Жогорку сот талашка чекит койду

Буга чейин БШК аялдардын квотасын бөлүштүрүү тууралуу жобону өзгөрткөндөн кийин Жанар Акаев мандатынан кол жуумай болгон. Бирок партия сотко кайрылган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Жанар Акаев Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутат болуп келмей болду.
Жогорку сот "Альянс" саясий партиясынын ишин карап Бишкек шаарынын Административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, БШК 15-декабрда өз чечими менен аялдардын квотасын бөлүштүрүү тууралуу жобону өзгөрткөн. Ага ылайык, мурда жети мандаттын экөө аялдарга берилсе, өзгөртүүдөн кийин үчөө бериле турган болгон. Бул "Альянс" партиясына түздөн-түз таасир этип, тизмедеги Жанар Акаевге мандат берилбей, анын ордун Токтобүбү Оргалча ээлеген. Бирок "Альянс" партиясы сотко кайрылып, Бишкек шаардык соту Жанар Акаевдин пайдасына чечим чыгарган. Буга макул болбогон БШК Жогорку сотко даттанган болчу.