UWW Мээримдин дүйнө чемпионатындагы кармашын мыкты беттеш деп тапты

Жуманазарова финалда япониялык Рин Мьядзинин колу-бутун тушап, далысын жерге басып таза жеңишти камсыздаган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюму кыргыздын балбан кызы Мээрим Жуманазарованын дүйнө чемпионатындагы финалдык кармашын жылдын мыкты беттеши деп атады. Бул тууралуу дүйнөлүк уюм өзүнүн Instagram баракчасына жазып, таймаштын видеосун чыгарды.

"Олимпиаданын коло медалын уткандан бир айдан соң Мээрим Жуманазарова Ослодогу дүйнө чемпионатындагы финалда Рин Мьядзини утуп, Кыргызстандын балбан кыздарынан экинчи болуп дүйнө чемпиону аталды", — деп айтылат маалыматта.

Жуманазарова Норвегиянын борбору Ослодо өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында япониялык Рин Мьядзи менен кез келген. Балбан кыз биринчи эле мүнөттөрдө атаандашын бир колдоп буттан, экинчи колу менен баштан кармап жерге жыгып, далысын басып, таза жеңишти камсыздаган. Жуманазарова тарыхта командалашы Айсулуу Тыныбековадан кийин эле дүйнө чемпионатын уткан экинчи балбан кыз болуп калды.
Ак жолтой болушту! Кыргыз спортчуларынын жыл ичиндеги ийгилиги