Садыр Жапаров Санкт-Петербургга учуп кетти. Коштоочулардын тизмеси

Иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн учурдагы лидерлери жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин катышуусу күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров КМШ мамлекеттеринин жетекчилеринин бейрасмий жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришип, аны коштоп кеткендердин тизмесин беришти.
Делегациясынын курамы:
1.
Руслан Казакбаев, тышкы иштер министри;
2.
Жээнбек Кулубаев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
3.
Гүлнара-Клара Самат, Кыргызстандын Россиядагы элчиси.
Иш-чарага Беларусь президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусу күтүлүүдө.
Жапаров Чүйдөгү интернатка 1 млн. сом, жарандар сатып берген бусту тапшырды. Сүрөт