Украинада ноябрь айында көмүр импорту 2020-жылдын ушул айына салыштырмалуу 2,6 эсеге өстү. Ошол эле учурда бул багытта негизги жабдуучу мурдагыдай эле Россия экенин да белгилей кетели.
Аталган айда Украина 328 миллион долларга 1,7 миллион тоннадан ашуун көмүр импорттогон. Албетте, Россиядан тышкары тизмеде бул республика ыктаган АКШ, Австралия жана башкалар да бар. Серепчи Валерий Михайлов РИА Новости сайтына Украинанын көмүр импорту жагдайы туурасындагы макаласын жарыялаган.
Былтыр ноябрда импорттун көлөмү быйылкыга караганда азыраак – 1,6 миллион тонна эле, бирок аталган өлкө аны 126 миллион долларга сатып алган. Башкача айтканда, бир тонна көмүрдүн орточо баасы бир жыл ичинде 2,3 эсеге — 81 доллардан 189га көтөрүлгөн. Ал эми Россиядан алынган көлөм дээрлик былтыркы деңгээлде: 1,058 миң болсо, быйыл 1,053 миң тонна, ал эми наркы – өткөн жылы 83 миллион болсо, 2021-жылы 197 миллион долларга чыкты. Бул 2,4 эсеге кымбат.
РФ Экономикалык өнүгүү министрлиги октябрдын аягында ички керектөөнүн көбөйгөнүнө байланыштуу Украинага энергетикалык көмүр жөнөтүү 1-ноябрда токтотулат деп кабарлаган, бирок бул кокс таш көмүрүнө тиешелүү эмес. Муну Жогорку раданын комитет башчысы Андрей Герус да: "1-ноябрдан тарта Россия Федерациясы Украинага энергетикалык көмүр берүүнү токтотот. Мында кеп А жана П үлгүлөрү жөнүндө. Көмүрдүн мындай түрлөрүн ДТЭК (Луганск ЖЭС, Криворож ЖЭС), "Донбассэнерго" (Славян ЖЭБи) жана "ТехНова" (Дарниц ЖЭБи, Сумски ЖЭБи, Чернигов ЖЭБи) компаниялары камсыз кылып турган", – деп тастыктаган. Бирок иш жүзүндө россиялык энергетикалык көмүр Украинага ноябрда да берилгенин украиналык бажыканасынын маалыматында камтылат. Балким бул мурда түзүлгөн келишимдерден улам болушу мүмкүн. Декабрдын жыйынтыгы мындай болбостугу айкын. Анда украиналык энергетиктер өз керектөөсүн "дос" өлкөлөрдөн алууга аргасыз болушат. Өзүндөгү Луганск жылуулук электр станциясындагы көмүр кору азайып отуруп дээрлик бош калган. Канткен күндө да Луганск ЖЭС — дурус индикатор. Көмүрдү же ЛДЭР (Луганск жана Донбасс эл республикаларынан), же Россиядан алууга болот. Бирок 2017-жылы Украина өзү ЛДЭРден экономикалык байланыштарын үзгөн.
Украинада газдан алынган электр кубатынын наркы канча болору өзүнчө маселе, эмитен эле куб метри 2,7 доллардан берилери белгилүү. Ошентсе да украиналык жетекчилик оптимизминен жазбай, өз өндүрүшү Жылуулук электр станцияларын жана Жылуулук электр борборлорун жабдууга жетиштүү экенин жар салат. Ошол эле учурда былтыркыга салыштырмалуу украиналык көмүр казуучу компаниялар электр кубатынын тартыштыгынын айынан баары бир өндүрүш көлөмүн төмөндөтүүдө. Экинчиден, премьер-министр Шмыгаль көмүр керектөө жөнүндөгү кебинде кайра эле күн жылуудагы маалыматтарды келтирүүдө. Үчүнчүдөн, эң башкысы, "агрессор өлкөдөн" келген импорт "дос" өлкөлөргө алмаштырылса, кандай күн күтөрүн болжоп болбойт.
Украиналыктар россиялык көмүрдү ноябрда орточо 187 доллардан, ошол эле учурда америкалык кара алтындын тоннасын 265 доллар, ал эми австралиялык көмүрдү 389 доллардан сатып алганын да кошумчалай кетсек айып болбостур. Эми Украина бай өлкө, ошол эле америкалык тепловоз же франциялык тик учактарды рыноктук наркынан бир жарым-эки эсе сатып алар дараметте экенинде калет жок.
Бир нече ай мурун Украинанын энергетика министри Герман Галущенко кыштан чыгуу үчүн өлкө 3,5 миллион тонна көмүрдү импорттоого тийиш экенин жоромолдогон. Бул жарым миллиарддан ашуун долларга чукулдайт. Ал эми азыркы кырдаалда ошол эле көлөмгө миллиард жумшоого туура келет.
Анткен менен Украина үчүн жакшы кабар да жок эмес. Энергетиктери мындай күнгө кабылып турганда, украиналык металлургия, кыязы, россиялык сырьё менен ишин уланта бергидей. Россиядан импорттолгон кокс көмүрдүн көлөмү ноябрда 1,4 миллион тоннаны түзгөнү өзүнчө кеп. Буга кошумча кокстун өзүн импорттоонун көлөмү да 100 миң тоннага чыккан. Бул болбогондо республикада металлургиялык өндүрүштүн кыйла бир бөлүгү токтоп калмак. Эске салсак, бул тармак – Украинанын казынасын толтурган негизги багыттардын бири.