Жаңы жылдан тарта мыйзамсыз жүргөн эмгек мигранттар Россиядан чыгарылат

Россиянын президенти тарабынан эмгек мигранттары үчүн кабыл алынган убактылуу чаралардын мөөнөтү 2021-жылдын 31-декабрында аяктайт. Жаңы жылдан баштап уруксат кагазы жок жүргөндөр ИИМге кайрылышы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. ― Sputnik. Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн эмгек мигранттары 1-январдан тарта өлкөдөн чыгарылып, аларга иш бергендер да айыпка жыгылышы мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин сайтында кабарланды.
Анда айтылгандай, президент тарабынан эмгек мигранттары үчүн кабыл алынган убактылуу чаралардын мөөнөтү 2021-жылдын 31-декабрында аяктайт. 2020-жылдын мартынан бери жети миллиондон ашык чет элдик уруксат алган, алардын 1,5 миллиону Россиянын аймагында жүрүү үчүн каттоодон өткөн.
Ошондой эле иштөө үчүн уруксат кагазы жок чет өлкөлүк жарандар 31-декабрга чейин ички иштер органдарына кайрылышы керектиги жазылган. Ал эми чет элдиктерди жумушка алган иш берүүчүлөр дагы укук коргоо органдарына үч күндөн кечикпей маалымат берүүгө тийиш.
Мыйзамсыз иштегендер үчүн айып пулдун суммасы беш миң рублге чейин жогорулашы мүмкүн. Кийинки жылдан тарта аларга карата Россиядан чыгаруу жана кайра кирүүгө тыюу салуу чаралары көрүлөрү айтылды.
"Чет өлкөлүк жарандарды мыйзамсыз жумушка алган иш берүүчүлөргө 800 миң рублге чейин айып пул салынышы мүмкүн", ― деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Россиянын Ички иштер министрлиги 29-декабрдан тарта эмгек мигранттарына чип орнотулган карта түрүндө патент берилерин айткан эле. Чипте жарандын электрондук сүрөтү жана манжа изи болот.
Россияда иш издеген мигранттардын саны боюнча Кыргызстан 3-орунда турат