БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов 2021-жылы кыргызстандыктар акыйкатчы институтуна кандай даттануулар менен кайрылганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин радиосуна айтып берди.
Колоповдун маалыматында, быйыл Акыйкатчы институтуна жазуу жана оозеки түрүндө ар биринен төрт миңдей кайрылуу келип түшкөн.
"Арыздардын тенденциясы ошол эле: кайрылуулардын 60 пайызга жакыны укук коргоо жана сот органдарынын аракетине же аракетсиздигине байланыштуу. Арыздардын калган 40 пайызы прокуратурага, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине, Билим берүү жана илим министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине, Социалдык фондго (пенсионерлердин укуктары көп бузулат) тийиштүү. Ошондой эле аскер кызматкерлеринин укуктарынын бузулушу боюнча да арыздар түшүүдө", — деди акыйкатчынын орун басары.
Анын айтымында, укук коргоо органдарына 2019-жылы күчүнө кирген жаңы кодекстерге байланыштуу даттануулар арбын. Бишкекте бир тергөөчүгө 500дөй иш туура келген. Мындан улам ишти толук кандуу аткарууга алардын күчү жеткен эмес. Мунун айынан акыйкатчыга арыздар каралбай жатат деп кайрылгандардын саны өскөн, ал эми тергөөчүлөр акыйкатчынын сурамына иш чачтан көп болуп жатканын айтышкан.