Өлкөдө карыз алгандардын дооматын иликтөөчү комиссия түзүлдү

Комиссияга жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана зайым алуучулардын маселелерин чечүү жолдорун табуу милдети тапшырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Зайым каражаттары боюнча карыздарды өндүрүүдө мыйзам бузуу фактылары жөнүндө маалымдаган жарандардын арыздарын иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи кеңешмеси өткөрүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.
Жыйынды өкмөт төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жетектеди.
"Ведомстволор аралык комиссия өкмөттүн чечими менен түзүлдү. Мындан тышкары, карыз алуучулардын арыздарын иликтөө боюнча эксперттик жумушчу топ иштей баштады", — деп айтылат билдирүүдө.
Кожошев белгилегендей, комиссияга жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана карыз алуучулардын маселелерин чечүү жолдорун табуу милдети коюлду.
Өкмөт айыл жана мал чарбасы боюнча токтом кабыл алды. Аткарыла турган иштер