Өлкөдө жыл башынан бери депозиттин көлөмү 46,7 млрд. сомго көбөйдү

Акыркы мезгилде республикада депозиттик базанын өсүүсү активдешти. Мисалы, ноябрь айында анын көлөмү 8,7 миллиард сомго өскөн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. 2021-жылы Кыргызстандын банктарындагы депозиттин көлөмү 46,7 миллиард сомго өстү. Бул туурасында Улуттук банктын маалыматында айтылат.
Аталган каражаттын баары депозит катары көрсөтүлгөн, бирок учурдагы банктык эсептердеги акчалар да эске алынат. Көрсөтүлгөн суммага юридикалык жактардын, жеке жактардын, ошондой эле резидент эместердин да каражаттары кирет.
Өткөн жылдын акырына карата банктык эсептердеги каражаттын көлөмү 180,9 миллиард сомдон ашкан. Андан кийин бир аз төмөндөө болуп, март айынан бери ай сайын жаңы рекорддор коюлууда. Ноябрь айынын акырына карата депозиттердин көлөмү 226 миллиард 964,4 миллион сомго жетип, 8,7 миллиардга өстү.
Улуттук банктын алтын запасы ноябрда 4 млрд. сомго азайды
Иши жок калдыңызбы? Пассивдүү киреше ушундай маалда зарыл