Жаңы жылдын башында кыргыз-кытай чек арасы жабылат

Мындай чечимдин кабыл алынышына Кытайда Жаңы жыл майрамынын белгилениши себеп болууда. Жол 4-январда ачылат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү жайлары 1-январдан 3-январга чейин жабылат. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Бекеттер Кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу жабылууда. Аталган көзөмөл-өткөрүү жайларынан транспорт каражаттарын жана жүк алып өтүүгө болбойт.
"Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү жайлары 4-январь күнү ишин жандантып, атайын алгоритм боюнча Кытайдан Кыргызстанга транспорт каражаттары менен жүктөрдү гана алып өтө баштайт.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кызыл-Кыя" бекети убактылуу жабылат