БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев муниципалитеттин бир катар кызматкерлерине тартипке чакырган чараларды көргөн.
Мэриянын маалымат кызматынан шаардык кеңештин депутаттарынын Volkswagen кызматтык автоунаасын максатсыз пайдаланганы боюнча маселени көтөргөн.
Кызматтык иликтөө автоунаа Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Максат Нусувалиевге тиешелүү экендигин аныктаган.
Социалдык тармакка тарап кеткен маалыматта сүрөттүн 7-декабрда тартылганы айтылган. Нусувалиев бул учурда жыйында болгон, ал эми айдоочусу ага айтпай өзүнүн иштери менен машинаны айдап жүргөн.
Муниципалитеттен айдоочу 8-декабрда иштен өз каалоосу менен кеткендигин, ал эми тиешелүү түрдө көзөмөлдөбөгөнү үчүн Нусувалиевге сөгүш жарыялангандыгын кабарлашты.
Мындан сырткары, Октябрь, Свердлов райондорунун акимдеринин, Саламаттык сактоо боюнча шаардык башкармалыктын башчысынын бул аймактарда COVID-19га каршы эмдөө кампаниясын начар уюштургандыгы боюнча жоопкерчилигин караган.
Октябрь районунда вакцинанын биринчи дозасы жашоочулардын 24 пайызына, ал эми экинчиси 17 пайызына гана сайылган. Экинчи райондо көрсөткүч 27,6 жана 23,7 пайызды түзгөн.
Акимдер да сөгүш алган, ал эми ден соолук боюнча башкармалыктын жетекчисине эскертүү берилген. Алардан бул багытта жасалчу иштерди ыкчамдатууну талап кылышты.