Президент Садыр Жапаров эртең Санкт-Петербургга учат

Иш-чарага КМШ мамлекеттеринин жетекчилери катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров эртең, 28-декабрда, Россиянын Санкт-Петербург шаарына иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Жапаров КМШ мамлекеттеринин жетекчилеринин формалдуу эмес жолугушуусуна катышат.
Иш-чарага Беларусь президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусу күтүлүүдө.
Жапаров Чүйдөгү интернатка 1 млн. сом, жарандар сатып берген бусту тапшырды. Сүрөт