Манасчы Дөөлөт Сыдыков тууралуу даректүү тасма тартылды. Сүрөт

"Манасчы Дөөлөт" аттуу даректүү фильмди тартуу иштери Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Москва шаарында жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы "Манасчы Дөөлөт" аттуу даректүү тасма тартып бүттү. Бул тууралуу Sputnik агенттигине тасманын режиссеру Ырыс Окенова кабарлады.
Анын айтымында, манасчы Дөөлөт Сыдыков тууралуу фильмди тартуу иштери Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Москва шаарында жүрдү.
"Манасчы жөнүндө Ысык-Көлдөгү Манжылы, Ат-Башы районундагы Чеч-Дөбө мазарларынан, Кошой-Коргон, Таш-Рабат тарыхый жерлеринен жана албетте, Таластагы "Манас Ордо" комплексинен видеолор тартылды. Быйыл "Кыргызфильмдин" көркөм кеңеши Дөөлөт тууралуу тасма тартуу чечимин кабыл алган. Анын директору Акжол Бекболотов жана көркөм кеңештин жетекчиси Темир Бирназаров бул жакшы демилге экенин белгилеп, ишти башташты. Мен режиссеру болуп бердим", — деп билдирди Окенова.
Тасма 20 мүнөттүк болору күтүлүп жатат. Режиссер мындан кийин жылына бирден манасчы тууралуу тасма тартып туруу пландалганын кошумчалады.
Эске салсак, Сыдыков былтыркы жылдын ноябрь айында "Ала-Тоо" аянтында ордунан жылбай 14 саат 27 мүнөт манас айткан. Бул иш-чаранын максаты — элди ынтымакка, биримдикке чакыруу жана узак убакытка тынбай манас айтууну Гиннестин рекорддор китебине каттатуу болчу. Филологдор анда Сыдыков Манастын бабаларынан тартып, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчө турган мезгилине чейин айтканын билдиришкен.
Ошондой эле Дөөлөт Сыдыков быйыл Москвада беш күн, беш түн манас айткан.
Радио
Дүйшеева: 14 сааттан ашык манас айткан Сыдыковдун абалы иликтенди