Бишкектик окуучулар эл аралык олимпиададан алтын жана күмүш медаль утту

Иран олимпиадасына 57 өлкөдөн 4 500дөн ашык окуучу катышкан. Билим жарышынын жыйынтыгы боюнча кыргызстандык окуучулар үч медалга татыган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Геометрия боюнча өткөн эл аралык Иран олимпиадасынан Бишкектин окуучулары бир алтын, эки күмүш медаль утуп алды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Аталган олимпиадага 57 өлкөдөн 4 500дөн ашык окуучу катышкан. Билим жарышынын жыйынтыгы боюнча кыргызстандык окуучулар үч медалга татыган.
Алар:
Фёдор Корнияш, Бишкек шаарындагы Ефим Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу – ортоңку класстар арасында алтын медаль;
Назар Киргизбаев, Бишкек шаарындагы Ефим Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу – ортоңку класстар арасында күмүш медаль;
Тилек Аскербеков, Чыңгыз Айтматов атындагы "Сапат" лицейинин окуучусу – жогорку класстар арасында күмүш медаль.
Маалыматта онлайн-форматта өткөрүлгөн бул олимпиадага окуучуларды "Газпром Кыргызстан" мектебинин жана Бишкек шаарынын Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин математика мугалими Мамат Ишматов жана Чыңгыз Айтматов атындагы "Сапат" лицейинин математика мугалими Азамат Аскаров даярдаганы айтылган.
Бишкектик окуучу эл аралык олимпиадада коло алды