Жылдын соңку аптасында аба ырайы кандай болот

Синоптиктердин божомолуна караганда, алдыдагы аптада өлкөнүн көпчүлүк аймагына кар түшөт. Жуманын ортосунда кээ бир жерлерди туман басат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, дээрлик бардык аймактарда жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-декабрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.

Чүй облусу

26-декабрда күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, айрым райондордо туман түшөт. 27-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. 28-31-декабрда жана 1-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Талас облусу

26-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн.
27-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаап, зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. 28-31-декабрда жана 1-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Республиканын түштүгүндөгү аймактарда аба ырайы бирдей. 26-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, туман түшөт. 28-декабрда күндүз жана 29-31-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. 1-январда тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.

Ысык-Көл облусу

26-декабрь жаан-чачынсыз болот. 27-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 28-декабрда кээ бир гана райондорго кар түшүшү мүмкүн. 29-31-декабрда жана 1-январда жаан-чачын болбойт.

Нарын облусу

27-декабрда жана 28-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы ыктымал. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. 28-декабрда тарта 1-январга чейин жаан-чачын күтүлбөйт.
Жаңы жылда катуу суук болобу? Январга карата аба ырайы