Адам өмүрүн узарта турган 5 адат. Окумуштуулардын изилдөөсү

Эксперттер 45 жаштан жогорку 73 миң аял жана 38 миң эркек кишиге изилдөө жүргүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Гарварддын Коомдук саламаттык сактоо мектебинин окумуштуулары кандай адаттар диабет, рак жана жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу тобокелчилигин азайтып, өмүрдү узарта турганын аныктады. Бул туурасында BMJ журналы жазды.
Эксперттер 45 жаштан жогорку 73 миң аял жана 38 миң эркек кишинин ондогон жылдар бою чогулган маалыматтык базасын изилдеген. Натыйжада алар баланска коюлган тамактануу, тынымсыз кыймыл-аракет, алкоголдук ичимдик жана чылымдан баш тартуу, салмакты көзөмөлдөө жана өз убагында уктоо адам өмүрүн узартат деген тыянак чыгарышкан. Мисалы, ушундай жашоо образы менен жашаган аял орто эсеп менен эркектерге караганда сегиз жылга көбүрөөк өмүр сүргөн.
Көнүгүүлөрдү жасоого күнүнө 30 мүнөттөн кем эмес убакыт бөлүү, орто куракта салмак массасынын индексин 18,5тен 24,9га чейинки деңгээлде сактоо сунушталат. Ал эми ичимдикти бир порциядан ашырбаш керек, мисалы, аялдарга күнүнө бир бокал вино же сыра, эркектерге эки бокал ичүүгө уруксат берилет.
Окумуштуулар уктоо режиминин олку-солкулугу жүрөктүн ишемиялык ооруларына, диабет жана ашыкча салмак кошууга алып келет деген корутунду чыгарган. Алардын айтымында, орто эсеп менен алганда адам сегиз саат укташы керек, бирок ар кимдин өзүнчө нормасы бар.
Окумуштуулар өмүрдү 40 пайызга чейин кыскарта турган тамактарды атады