COVID үч адамдын өмүрүн алып, 38 кишиден чыкты. Соңку маалымат

Инфекция жуктуруп каза тапкандардын экөө Чүйдө, бирөө Бишкекте экени айтылды. Алар коронавируска каршы вакцина алган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 26-декабрга карата коронавирус инфекциясы 38 кишиден аныкталып, үч киши көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Оору жуктургандар:
Бишкек — 23;
Ош шаары — 1;
Чүй — 2;
Ош — 2;
Ысык-Көл — 7;
Жалал-Абад — 2;
Баткен — 1.
Баш-аягы 184 477 адам ооруду.
Инфекция жуктуруп каза тапкандардын экөө Чүйдөн, бирөө Бишкектен катталды. Алар коронавируска каршы вакцина алган эмес. Пандемиядан бери 2 795 бейтап көз жумду.
Өткөн суткада коронавирус инфекциясын 44 киши жеңди, жалпысынан 179 589 адам сакайды.
Учурда ооруканаларда 279 бейтап дарыланууда. Анын ичинде эки бейтаптын абалы канааттандырарлык, 123ү орточо, 138и оор жана 16сы өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 327 бейтап бар.
Пресс-борбор
Кыргызстанда "омикрон" кездеше элек. Лаборатория жыйынтыгы күтүлүүдө