Кара-Кечеде 27-декабрдан тарта көмүр казуу токтотулат. Себеби

Көмүр казуу иштери 10-январга чейин токтотулмакчы. "Кыргыз көмүр" себебин түшүндүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы эртеңден тарта Нарын облусундагы Кара-Кече кенинен көмүр казуу иштерин убактылуу токтотот. Бул тууралуу компаниянын Facebook баракчасында айтылды.
Мындай чечим карьердеги тазалоо иштерине жана көмүр казыла турчу жаңы жерлерди чалгындоого байланыштуу кабыл алынган.
Казуу иштери 10-январда жанданмакчы. Компания кара алтын менен Бишкек ТЭЦин камсыздоо улана бере турганын кошумчалады.
Көмүр ташыгандарга көз каранды болбош үчүн "Кыргыз көмүр" транспорт сатып алды