Аба ырайы кескин өзгөрүүдө. Кайгуул милиция айдоочуларга эскертүү берди

Буга чейин Кыргызгидромет жекшембиден тарта өлкөдө күн сууктап, кар жаай турганын кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызматы аба ырайы өзгөрүп жатканына байланыштуу айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырды.
Мындай эскертүүлөр жол кырсыктарынын алдын алуу максатын көздөйт.
"Бүгүн калың туман болуп, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам унаалар ортосундагы аралыкты сактап, ылдамдыкты азайтып, туманга каршы фараларды күйгүзүп жүрүү сунушталат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет агенттиги шашылыш билдирүү таратып, 26-декабрдан тарта өлкөдө күн сууктап, кар жаай турганын кабарлаган.
Жылдын соңку аптасында аба ырайы кандай болот