БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бишкектин Кайгуул милиция башкармалыгы элден жол кырсыгына кириптер болуп качып кеткендерди табышып коюуну өтүндү.
Ага ылайык, жыл башынан бери айдоочулар из жашырып кеткен 528 жол кырсыгы катталган. 303 учурда автоинспекторлор күнөөлүүлөрдү тапкан, 225 кылмыштын бети ачыла элек.
Кайгуул милициясы мындай учурларга күбө болгондордон сүрөт, видео тартып же чалып коюуну суранды. Ал үчүн 102 же (0509) 10-21-22 WhatsApp номерине байланышуу керек.
Башкармалык эскерткендей, жол кырсыгына кириптер айдоочу кырсык болгон жерден кетип калса жаңы кодекс боюнча 10 миң сом айыпка жыгылат. "Коопсуз шаардын" камералары бардык жерде жок экени, буга байланыштуу кырсыктын күбөлөрү милицияга чоң жардам көрсөтө алары белгиленет.
Кайгуул милициясы арыздарды жана даттанууларды электрондук портал аркылуу кабыл алат.