Чолпон-Атадагы "Алтын балалык" комплексине тез жардам унаалары берилди. Сүрөт

Техниканы комплекстин жетекчилигине президент Садыр Жапаровдун атынан министр Алымкадыр Бейшеналиев тапшырды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Алтын балалык" медициналык-реабилитациялык комплексине тез жардам унааларын тапшырды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Алтын балалык" медициналык-реабилитациялык комплексине тез жардам унааларын тапшырды

2 / 4

Техника өлкө башчы Садыр Жапаров тарабынан берилгени айтылат

3 / 4

"Алтын балалык" комплексинин жетекчилиги жана жамааты президентке ыраазычылыгын билдирген

4 / 4

"Тез жардам унааларынын жардамы менен медициналык тейлөөнүн сапатын жакшырта алабыз. Бул бизде иштеген медиктердин ишин да жеңилдетмекчи", — деген аталган комплекстин директору Тилек Маткеримова.

Техника өлкө башчы Садыр Жапаров тарабынан берилгени айтылат. "Алтын балалык" комплексинин жетекчилиги жана жамааты президентке ыраазычылыгын билдирген.
"Тез жардам унааларынын жардамы менен медициналык тейлөөнүн сапатын жакшырта алабыз. Бул бизде иштеген медиктердин ишин да жеңилдетмекчи", — деген аталган комплекстин директору Тилек Маткеримова.
Медициналык-реабилитациялык борбор 8 блоктон турат. Анда аллергология, онкология, пульмонология, акушердик гинекология, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврология бөлүмдөрү бар. Ошондой эле комплексте уктоочу бөлүмдөр, клиникалык лабораториялар, тамактануучу, кир жуучу жай жана магниттик-резонанстык томография орнотуу каралган. Үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн базасында Инновациялык кардиохирургия борбору ийгиликтүү иштеп жатат. Анда кайрымдуулук фондуларынын эсебинен жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган беш бейтапка бекер операция жасалган. Комплекс толук ишке киргенде бир эле убакта 50 баланы (энеси менен), анын ичинде чет өлкөлөрдөн келгендерди да кабыл ала алат.
Аскар Акаев "Алтын балалык" реабилитациялык борборуна 1 млн. сом которду