Жапаров бюджетке коррупция менен күрөштө канча акча түшкөнүн айтты

Президент бүгүнкү жыйында коррупционер эгерде мамлекеттин акчасын уурдаса, бюджетке аны 10 эсе кылып кайтарып берүүгө милдеттүү экендигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Коррупция менен күрөштүн жыйынтыгында 2020-жылдын октябрынан тарта бюджетке 8 миллиард сом түштү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында сүйлөп жатканда билдирди.
Анын айтымында, кеп коррупцияга аралашкандардан кайтарылып алган каражат жана мүлк жаатында болуп жатат.
Президент андан эл бир нече маселелерди чечүүнү талап кылгандыгын, анын ичинде бюджетти толтуруу туурасында да айтылгандыгын билдирди.

"Коррупция менен күрөш улантылат. Эгер карапайым калктын бир тыйындан чогулган казнасынан жедиби – он эселеп кайтарат", — деди ал.

Мамлекет башчы Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча жыл жыйынтыгын чыгарып жатат.
Эки ай берем. Жапаров жыйында Ташиевди тургузуп алып тапшырма берди. Видео