Садыр Жапаров акимдерди ротациялоо уланарын айтты

Президент жаңы мыйзамдар боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын, анын ичинен акимдердин жоопкерчилиги арткандыгын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Акимдер кайра дайындалбайт, жаңы ротациялар уланат деди президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жылды жыйынтыктаган жыйынында сүйлөп жатып.
Мамлекет башчы жазында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын – акимдерди жана алардын орун басарларын аттестациялоо өткөрүлүп, ротациялоо жүргөнүн эске салды.
Акимдердин жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлардын аймактык резерви түзүлгөн. Жергиликтүү деңгээлдеги социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө акимдердин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жогорулаткан атайын мыйзам чыккан.
Аким иштин уюштурулушуна жоопкер болот, райондогу мамлекеттик органдардын жана айыл өкмөттүн башчыларын кызматтан алып жана башкасын коё алат. Президент аларда мурда мындай укук болбогондугун кошумчалады.
"Башкысы – ошол шаарда же ошол аймакта туулуп өскөн адам ал шаарга, айыл аймагына мэр же аким боло албайт. Акимдер ж.б. жетекчилер "кайра дайындоо болбойт" деген ченемди киргиздик. Биз эмне үчүн өз жерине аким боло албайт дедик, ротациялоону улантабыз. Антпесе, бир жерде 14-15 жылдап иштеген ИИМден болобу, прокурор болобу бул убакытта туугандашып кетип, коррупцияга аралашкан учурлар бар", — деди Жапаров.
Эске салсак, өлкөдөгү райондук администрациялардын башчылары, тагыраагы, акимдер ротацияланган.
Акылдуу орун басарларды коркпой дайындагыла! Президент аткаминерлерге кайрылды