Акылдуу орун басарларды коркпой дайындагыла! Президент аткаминерлерге кайрылды

Жапаров элге аралашып, алар менен коомдук транспортко түшкөн аткаминерлер аз экенин айтып, аларды жер менен басууга чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында министр жана аткаминерлерге кайрылды.
Президент бийликте жакшы команда түзүлүп, "биринен бири ашкан экономист, финансисттер башкарып жатканын" белгилеген.
"Иштөө үчүн бардык шарттарды түзүп, регламентти өзгөрттүк. "Кечиресиз, бул менин милдетиме кирбейт" деген сөздү жок кылдык. Бир да кагаз президенттин администрациясында жатат деген шылтоо жок калды. Өзүңөрдөн акылдуураак орун басарларды "менин ордумду тартып алат" деп чочулабай дайындаңыздар. Чечим кабыл алуудан коркпоңуздар. Министрлер кабинети, азыр жакшы динамика менен өнүгүүгө баратасыздар, ушул темптен жазбаңыздар. Ушул залда аймактагы жетекчилерден тышкары бүт ведомстволордун жетекчилери, министрлер бардык "чоңдор" отурасыңар. Ким эл түшкөн автобуска, тыгылышкан маршруткага түштү? Андайлар араңыздарда жокко эсе. Аз. Жерге түшүп басалы", — деди Жапаров.
Ал жазылган, кабыл алынган мыйзамдар эл үчүн гана иштеши керектигин айтып, өкмөт кооз декларативдик мүнөздө эмес, майнап болгондой иштеш керектигин кошумчалаган.
Адисти үйүңөргө чакырсаңар дагы үйрөнгүлө! Садыр Жапаров министрлерге талап койду