Кыргызстанда эркектер ракка бала кезинде көп кабылат. Статистика

Улуттук статистика комитети соңку беш жыл ичинде ракка кабылуу боюнча аялдар арасында жогорку тенденция сакталып келе жатканын кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстанда рак илдетине эркектер көбүнесе бала кезинде, аялдар бойго жетип же улгайып бара жаткан куракта кабылышат. Муну Улуттук статистика комитети 2020-жылга карата жарыялаган маалыматтан байкаса болот.
Мисалы, былтыр 14 жашка чейинки балдар арасында залалдуу шишик диагнозу катталгандардын арасында 58 пайызы эркектер болгон. Ошондой эле 15-19 жаштагылардын көпчүлүгүн (60 пайызын) эркектер түзөт.
Ал эми аялдар арасында 20-39 жашта ракка чалдыккандар көбүрөөк кездешет. Статистика боюнча бул куракта ооруп калгандардын 64 пайызы кыз-келиндер. Мындан тышкары, 40-59 жаштагылар ичинен жарымынан көбү (60 пайыз) аялдар.
Улгайып бара жаткандардын арасында көрсөткүчтөр теңелет. Башкача айтканда, 60 жаштан өткөндөн кийин ооругандардын теңи аялдар, теңи эркектер болуп калат.
Нутрициолог рак оорусун чакырчу көп желген азыкты атады