Коронавирус дагы эки адамдын өмүрүн алды. Соңку статистика

Бир суткада Талас менен Баткенден коронавирус жуктурган учур катталган эмес. Азыр 283 бейтап ооруканада дарыланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 44 кишиден коронавирус табылып, 48 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жаңы жуктургандар:
Бишкек – 15;
Чүй облусу – 18;
Ош облусу – 3;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 2.
Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 184 439га жетти. Анын ичинен 179 545 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, кечээтен бери оору эки бейтаптын өмүрүн алган. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 2 792 киши коронавирустун курмандыгы болду. Азыркы тапта стационарда 283, ал эми амбулатордук шартта 334 адам дарыланып жатканы айтылды.
Пресс-борбор
Кыргызстанда "омикрон" кездеше элек. Лаборатория жыйынтыгы күтүлүүдө