Жекшембиге карата аба ырайы

26-декабрга караган түнү Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Жекшемби күнү күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинин көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде туман түшөт. Ал эми Ысык-Көл, Нарын аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Ысык-Көл өрөөнүндө 0...+5, Талас жергесинде -1...+4, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9, Нарын аймагында -1...-6 градус болот.
Бишкек жана Ош калаасында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Термометр борбордо +3...+5 жана Ошто +7...+9 градусту көрсөтөт.
Суукка кабылганда дароо ысык ичип, жуунбагыла! ӨКМдин кеңеши