Кыргызстандын демилгеси менен ЕАЭБде энергетика министрлеринин кеңеши түзүлөт

Кеңештин негизги милдеттери — энергетика тармагында узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты камсыз кылуу.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешин түзүү жөнүндө сунушту кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев комиссиянын видеоконференция режиминдеги кезектеги жыйынына катышты.
Маалыматка караганда, жогорудагы демилгени Кыргызстан 2020-жылдын апрель айында көтөрүп чыккан.
"Жыйындын соңунда ЕЭК коллегиясына мүчө мамлекеттер менен биргеликте 2022-жылдын 1-майына чейин Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна Жетекчилер кеңешин түзүү жөнүндө чечимдин долбоорун даярдоо тапшырмасы берилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Кеңештин негизги милдеттери — энергетика тармагында узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты камсыз кылуу. Ошондой эле макулдашылган энергетикалык саясатты ишке ашырууга жана ЕАЭБ алкагында энергетикалык ресурстардын жалпы рыногун калыптандырууга көмөк көрсөтүү.
Радио
Мамытканов: ЕАЭБде жүк ташууда электрондук пломбалар колдонулат