Радио

Искаков: унааны токтотуучу таяк — бул коррупциянын символу

"SAFARI" кыймылынын мүчөсү, жарандык активист Эртай Искаков жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерге унааны токтотуучу таякты кайтаруу боюнча пикирин айтты.
Sputnik
Унааны токтотуучу таяк — бул коррупциянын символу. Аны кайтаруу артка кетүү менен барабар. Мындай пикирин Эртай Искаков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул кадам паракорчулукту күчөтүшү ыктымал.
"Көч бара-бара түзөлөт, бирок ал үчүн ниет түз болуш керек. Учурда жол коопсуздугун камсыздоо жаатында эмгектенген көп кызматкер өз ишине кыянаттык кылат. Ошондуктан жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерге унааны токтотуучу таякты кайтаруу туура эмес. Анткени ал коррупциянын символу. Учурда жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери ар кайсы жерлерге турууда. Аны жол кырсыктарын алдын алуу менен байланыштырып жатышат. Чынында кырсыктын алдын алуу үчүн жөө адамдардын өтмөгүнөн кийин эмес, ага чейин турса натыйжа бермек. Алар жол кырсыктарынын алдын алууга эмес, жол эрежесин бузгандарды кармоого үмүт кылышууда. Бул пара алууга түртүп, коррупциялык тобокелчиликти жогорулатат. Ошондуктан жезлди кайтаруу туура эмес кадам. Анткени аталган таякты бурулуштагы же жол кырсыгы болгон тыгынды жөнгө салуу үчүн гана колдонуу зарыл", — деди Искаков.
Ошондой эле ал ИИМге кошумча функциялардын берилиши жол коопсуздугун камсыздоого оң таасирин тийгизбей турганын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: