БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Коррупция, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланды деп соттолгон Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хе айымга 31-декабрдан тарта ырайым берилет. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигине таянып РИА Новости жазды.
"Өкмөт 2021-жылдын 31-декабрында 3 094 адамга ырайым бериле турганын билдирди. Бул адамдардын арасында өлкөнүн мурдагы президенти дагы бар. Жарандарды бириктирүү үчүн көп жылдан бери абакта жазасын өтөп жаткан Пак Кын Хеге ырайым берүү чечими кабыл алынган", — деп айтылат маалыматта.
Жума күнү Түштүк Корея өкмөтүнүн атайын жыйыны өтүп, анда Жаңы жылга карата бир катар адамдарга ырайым кылуу, жазасын жеңилдетүү жана ыйгарым укуктарын калыбына келтирүү маселелери каралганы айтылды. Бул жыйында Пак Кын Хе боюнча да кеп козголгон.
Өлкөнүн премьер-министри Ким Бу Гём ырайым олуттуу ооруга кабылгандарга жана улгайгандарга берилерин белгилеген. Маалым болгондой, Пак Кын Хе узап бараткан жылы өнөкөт оорусунан улам үч ирет ооруканага түшкөн. Ырайым ага ушундан улам берилип жатканы божомолдонду.
Эске салсак, Пак Кын Хе 2017-жылдын март айында кармалган. Ал коррупция, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, мамлекеттик сырды ачуу сыяктуу 18 берене боюнча айыпталган. 2018-жылы ал 30 жылга эркинен ажыратылса, 2019-жылы Жогорку сот анын ишин кайра териштирүүгө жиберип, 2020-жылы Сеулдун борбордук соту жаза өтөө мөөнөтүн 20 жылга чейин кыскарткан. 2021-жылы Түштүк Кореянын Жогорку соту экс-президент жазасын 20 жыл өтөйт деген акыркы жыйынтыкты чыгарып берген. Бул 20 жылдан сырткары Пак Кын Хеге 2018-жылы шайлоого мыйзамсыз аралашкан деген айып коюлуп, эки жыл кошулган. Абакта ал төрт жыл тогуз ай жатты.
Коррупция боюнча чуу 2016-жылы чыккан. Бир катар маалымат каражаттары Түштүк Кореядагы ири корпорациялар менен Samsung компаниясы өкмөттөн колдоо алыш үчүн Пак Кын Хенин жакын курбусу Цой Сун Силдин фондуна ири суммадагы каражат которуп турганын жазып чыккан. Ошондой эле Цой Сун Силь мамлекеттик кызматта иштебесе дагы президенттик администрациянын ишине кийлигишип пайда көрүп турганы айтылат. Цой Сун Силь 20 жылга эркинен ажырап, мамлекетке 18 миллиард вон (16,56 миллион доллар) төлөмөй болгон.