Кыргызстанда айрым медициналык окуу жайлар жабылабы? Расмий жооп

Медициналык окуу жайларды текшерип жаткан комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча коомдук консультациялар өткөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Медициналык ЖОЖдорду текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия ишин жыйынтыктай элек. Буга Коопсуздук кеңешинин комиссиясынын катар иштеп жатканы себепкер экенин президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинен билдирди.
23-декабрь күнү Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен Кыргызстанда лицензиялык жана аккредитациялык талаптарга туура келбеген медициналык окуу жайларды жабуу сунушу киргизилерин айткан.
"Бир дагы ЖОЖ менен ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр болгон жок. Анткени Билим берүү жана илим министрлиги лицензиялык макулдашуулар боюнча документтерди бере элек", — деди кеңештен.
Маалыматка караганда, комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча серепчилердин жана ЖОЖдордун адистеринин, Саламаттык сактоо министрлигинин катышуусунда коомдук консультациялар өткөрүлөт.
Радио
Карачалов: студенттер билим сапатына канааттанбаса арызданганга укуктуу