Ишембиге карата аба ырайы

Ишембиге караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. 25-декабрь, ишемби күнү, күн ачык болот. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +7...+12, Талас облусунда +6...+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +9...+14, Ысык-Көлдө +3...+8, Нарын өрөөнүндө -2...-7 градус суук болору айтылды.
Борбор калаада күндүн табы +9...+11, ал эми Ош шаарында +10...+12 градуска чейин көтөрүлөт.
Күн сууктап, кар катуу жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты