"Голос" шоусуна катышкан кыргызстандык ырчыны колдогон флешмоб башталды

Социалдык тармактын колдонуучулары музыкантка #СаняАлга хэштеги менен дем берүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Интернетте Россиянын "Голос" теледолбоорунун жарым финалына өткөн Александр Волкодавды колдогон флешмоб старт алды.
Социалдык тармактын колдонуучулары музыкантка #СаняАлга хэштеги менен дем берүүдө. Флешмобду Бишкектеги Орус үйү уюштурууда.
Волкодав финалга чыгуу үчүн жети атаандашы менен ат салышат. Кыргызстандык ырчы "Голос" теледолбоорунун жарым финалына 18-декабрда чыккан. Анда ырчы Рой Орбинсондун хитке айланган "Pretty Woman" ("Сулуу") чыгармасын аткарган.
Стенин атындагы сынакта онлайн добуш берүү башталды