БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада COVID-19 инфекциясын 39 бейтап жуктуруп, эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек – 23;
Ош – 1;
Чүй облусу – 3;
Ош облусу — 4;
Ысык-Көл облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 3.
Пандемиядан бери 184 395 кишиден жугуштуу илдет чыкты.
Каза тапкан эки бейтап Бишкекте дарыланып жаткан, экөө тең вакцина алган эмес. Пандемиядан бери 2 790 киши өмүрү менен кош айтышты.
Акыркы суткада 55 бейтап айыгып, жалпы сакайгандар 179 497 болду.
Республика боюнча стационарда 287, үйдө 337 киши дарыланууда.