Миңден ашуун бала келет. Бишкекте бүгүн президенттик балаты өтөт

Улуттук филармонияда өтө турчу иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1 100 бала чакырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бүгүн, 24-декабрда, өлкө башчы Садыр Жапаров балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балатыга катышат. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлады.
Иш-чара улуттук филармонияда өтөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1 100 бала чакырылган.
"Анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрү, Афганистандын Улуу жана Кичи Памиринен келген этникалык кыргыздардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары бар. Мындан тышкары, кызматтык милдетин аткарууда курман болгон аскер кызматчылары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар келет", — деп жазылган билдирмеде.
Жаңы жылдык концерттик жана театрлаштырылган программа КТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык түйүн баракчаларынын түз эфиринде чагылдырылып, саат 10:55те башталат.
Бишкекте троллейбус жүргүнчүлөрүн Аяз ата менен Аяз кыз куттуктоодо. Сүрөт