Анкарадагы эгиз мунара Кыргызстан менен Түркия желегинин түсүнө боёлду. Сүрөт

Бул Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн дипломатиялык алаканын 30 жылдыгынын урматына арналган акция болду.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кечээ, 23-декабрда, Анкаранын чок ортосунда Түркиянын Палаталар жана биржалар союзунун эң бийик эгиз имараты (TOBB) Кыргызстан менен Түркиянын желектеринин түсүнө боёлду. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кечээ, 23-декабрда, Анкаранын чок ортосунда Түркиянын Палаталар жана биржалар союзунун эң бийик эгиз имараты (TOBB) Кыргызстан менен Түркиянын желектеринин түсүнө боёлду
Акция Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн дипломатиялык алаканын 30 жылдыгынын урматына арналганы айтылууда. Акцияны Кыргызстан тарап демилгелеп, аны Түркиянын Палаталар жана биржалар союзу ишке ашырган.
Эрдоган Жапаров менен телефондон сүйлөшүп, кийинки жылы келерин айтты