"Америка сулуусу" юбилейлик сынагы Анкасвиллдеги (Коннектикут штаты) Mohegan Sun аренасында өттү. "Мисс Алясканын" жеңүүчүсү, Америка сулуусу болгон Эмма Бройлз жана башка кыздардын эмоциясынан бир ирмем.
"Америка сулуусу" наамы жана 104 миң доллар үчүн 50 селки жарышты. Сүрөттө "Алабама сулуусу" Лорен Брэдфорд өз өнөрүн көрсөтүп жатат.
"Америка сулуусу" эми "Аалам сулуусунда" АКШнын намысын коргойт. Сүрөттө Лия Родденберри бийлеп жатат.
"Америка сулуусу" сынагынын быйылкы жеңүүчүсү учурда Аризона университетинде биомедицина факультетинде окуйт. Сүрөттө кыздын финалда утканын жаңы уккан учуру.
Эмма Бройлз дерматолог болууну максат кылган. 2020-жылдагы Америка сулуусу Камилла Шрайер кийинки "кесиптешине" жеңүүчүнүн курун тагууга камынып келе жатат.
Бройлз өзгөчө балдар боюнча атайын олимпиадага катышып келет. Анын Даун синдрому менен жапа чеккен бир тууганы бар.
Экинчи орунду Алабамадан келген Лорен Брадфорд, үчүнчү орунду массачусетстик Элизабет Пьер алган. Сүрөттө толкунданган Эмма Бройлз таажы кийип турат.
Кубанычтын көз жашы. Сынактын тарыхында альяскалык кыз биринчи ирет жеңүүчү болду.
"Америка сулуусу" наамын биринчи ирет азиат тектүү Мэй Шэнлив (1984 год), кара түстүү кыз-келиндердин ичинен Кэрол Гист (1990) алган. Сүрөттө "Аляска сулуусу" Эмма Бройлз.