Ибрагим Жунусов Өзбекстандагы элчи кызматынан бошотулду

Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп 2018-жылы дайындалган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматынан бошотулганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, Жунусов бул кызматка 2018-жылдын ноябрь айында дайындалган. Ага чейин Түркиядагы элчи болуп иштеп келген.
Баса, "Эламан" аттуу ыры үчүн Жунусов Ислам Каримовдун колунан алтын саат белекке алганын билчү белеңиз? Sputnik агенттиги кызыктуу фактыларды даярдаган.
Мэр, айыл өкмөт башчы болом дегендерге конкурс жарыяланды. Шарт-талабы