Эрдоган Жапаров менен телефондон сүйлөшүп, кийинки жылы келерин айтты

Түрк лидери стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин июнда өткөн жыйыны боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өз ара күч-аракет жумшоону сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу администрациянын маалымат кызматы кабарлады.
Анын жүрүшүндө президенттер эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бири-бирин жылуу куттуктаган.
Садыр Жапаров Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган, дипломатиялык алака түзүп жана элчилигин ачкан алгачкы өлкө экенин белгилеген.
"Түркия биз үчүн боордош мамлекет, ишенимдүү дос, ошондой эле мезгил сынагынан өткөн өнөктөш. Кыргызстан Түркия менен болгон мамилеге өзгөчө маани берет", — деген Жапаров.
Өз кезегинде Эрдоган быйыл кыргыз-түрк мамилелерине стратегиялык өнөктөш макамы берилгенине 10 жыл болгонун белгиледи.
"Буга байланыштуу ал Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин 2021-жылдын июнь айында өткөн жыйынынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өз ара күч-аракетти жумшоону сунуштады", — деп жазылган маалыматта.
Түрк лидери 2022-жылы боло турган кеңештин кийинки жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келүү ниетин билдирген.
Кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү Түркиянын медициналык ЖОЖдорунда окутуу талкууланды