Путин: демографиялык көйгөйлөрдөн улам Россияда жумушчу күч жетишсиз

Президенттин айтымында, учурда Россияда эмгекке жарамдуу курактагы жарандардын саны 81 миллионду түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Демографиялык көйгөйлөргө байланыштуу Россияда жумушчу күч жетишпей жатат. Бул тууралуу өлкө президенти Владимир Путин жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйын учурунда айтты.
"Гуманитардык көз караш менен дагы, геосаясий жаатта дагы 146 миллион киши биздикиндей ири аймак үчүн өтө аз. Экономикалык жактан бизге жумушчу күч жетишпейт", — деди Путин.
Президенттин айтымында, учурда Россияда эмгекке жарамдуу курактагы жарандардын саны 81 миллионду түзөт.
"Бул көрсөткүчтү биз 2024-2030-жылга чейин бир топ өстүрүшүбүз керек", — деди ал.
2021-жылдын 1-майына карата Россияга иш издеп келгенин расмий түрдө көрсөткөн мигранттардын саны 2,68 миллион кишини түзгөн. Факт жүзүндө бул цифра бир нече эсе көп болушу мүмкүн. Бул өлкөгө иш издеп көбүнчө Украинанын, Молдованын, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Армениянын жана Кыргызстандын жарандары барат.
Буга чейин Кыргызстан Россияга 2021-жылы иштегени барган мигранттардын саны боюнча үчүнчү орунду турганы маалымдалган.
Россияда мигранттар үчүн акысыз орус тил курсун ачуу сунушталууда