Россия быйыл буудай экспорттой алат. Кыргызстанга кандай пайдасы бар

Россия лидери экономикадагы кырдаал тууралуу кеп кылып, быйыл өлкөнүн буудай экспорттоого мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Россиядагы быйылкы жылдагы дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү өлкөнү гана камсыздабастан, экспорт кылууга дагы мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу өлкө президенти Владимир Путин жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, Россиянын экономикасы пандемиянын кесепеттерин дүйнөдөгү башка экономикаларга караганда, жеңилирээк кабыл алып, бутуна оңоюраак туруп бара жатат.
Жылдын жыйынтыгы менен ички дүң продукциянын көлөмү 4,5 пайызга өсөрү күтүлүүдө.
Россия президенти Владимир Путин
"Аба ырайынын шартына байланыштуу дан эгиндеринин түшүмү былтыркы жылга салыштырмалуу азыраак. 2020-жылы 133,5 миллион тонна болсо, быйыл 123 тоннага жетти. Анткен менен бул жакшы жыйынтык. Демек, биз экспорттой алабыз", — деди Путин.
Эске салсак, Кыргызстан буудай импортунан көз каранды. Мисалы, быйылкы жылдын 10 айында 158,5 миң тонна буудай импорттосо, анын 69 тоннасын Россиядан сатып алган.
Радио
Давлетов: азык-түлүк коопсуздугунда үч нерсеге көңүл буруу керек