Батышка тез аранын ичинде коопсуздук кепилдиги тууралуу макулдашууга келүүнү сунуштап жатып Россия президенти Владимир Путин түзүлгөн кырдаалды эске алган. Өлкө мындан ары эки ача ой жүгүртүүгө, ичтегисин аягына чейин айтпай коюуга жол бере албайт, мурункуларынын уландысы болсо дагы жаңы санкциялар кескин жоопту талап кылып турат. Россия менен Батыштын мамилесине арналган кезектеги макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Путин жакында эле өткөн Коргоо министрлигинин коллегиясында: "Алар бизди кооптуулукту көрбөйт деп ойлошобу? Же Россияга каршы түзүлүп жаткан коркунучка унчукпай макул берет деп турушабы? Келе турган чекке келдик, мындан ары жол жок, кептин баары ушунда", — деди.
Маселе "биз унчукпай макул болуп келдик" дегенде эмес, болгону бул суроо кабыргасынан коюла элек болчу. "Путиндин ультиматуму" СССРдин жоюлушунун 30 жылдыгы менен дал келиши кокустук болсо да өтө символикалуу болду. 1991-жылдын 24-декабрында Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинде СССРдин ордун алмаштырган, эртеси Кремлден кызык желек түшүрүлүп, 26-декабрда союздук парламент СССРди жоюу боюнча резолюция кабыл алган.
Мындан туура 30 жыл мурун ХХ кылымдын геосаясий апааты болуп, ошондон бери Россия анын кесепети менен күрөшүп келет. Процесс дагы көпкө созулчудай, анын үстүнө болгон нерсени болгон эмес дей албайбыз, демек, зыяны узак убакытка чейин сезилчүдөй болуп турат. Бирок Владимир Путин дал ушул 30 жылдыкта Россиянын Советтер Союзун мурасташы тууралуу маселеге чекит койду.
Азыркы Россия тарыхый Россиянын бардык жагы жана стадиясы (Киевдин Рустан тарта СССРге чейин) боюнча мураскери эле эмес, ошол өлкөнүн өзү. Ошондуктан азыр Батыш деп аталган тарыхый каршылаштын алдында так, даана көрсөтүлгөн кызыл чийин чийилүүдө. Артка чегинбейт, өзүнө тиешелүү эч нерсесин бирөөгө карматпайт, буга Брест да, убактылуу кол жууган Днепр да кирет. Келишим долбоору жарыяланган соң кайрадан ызы-чуу салып, Путиндин СССРди калыбына келтирүү планы тууралуу айткандар чыгып жатат. Россияга өлүп жок болгон нерсени кайра тирилтүүнүн эч зарылдыгы жок, жаңысын курууга кызыкдар. Ошол өзүнө тиешелүү аймакка курууга кызыкдар. Анткени бул орус дүйнөсүнүн аймагы. СССРдин кыйрашы бул фактыны жокко чыгара алмак эмес, чыгарган да жок, болгону азыр өлкө жетекчилиги бул тууралуу баары уккудай кылып айтып эске салып жатат.
Путин СССРдин жоюлушунун 30 жылдыгын аны калыбына келтирүү декларациясы менен эмес, постсоветтик олку-солкулукка, бүдөмүккө чекит коюп белгиледи. Ооба, Россия чегинүүнү 2000-жылдары токтотуп, 2007-жылы контрчабуулга даяр экенин жар салган. Бирок Батыш Россия РФ менен чектелип калат деген ишеним менен өлкөнүн постсоветтик мейкиндикти реинтеграция планы менен эсептешкиси да келген эмес. Опурталдуу адашуу эле, анткени мындай аракет менен Батыш дароо эки маанилүү геосаясий тенденцияны көз жаздымда калтырып койду.
Батыштын жалпы жонунан алсызданышы, каатчылык, глобалдуу долбоорунун ишке ашпай калышы — муну баары атлантисттердин бөлөк территорияларды өз таасири алдында кармап турууга чама-чаркын чектеди. Батыш менен Россиянын убактылуу делген чек арасын туруктуу кыла алган жок. Буга кошумча Батыш орус тарыхынын бир мыйзамын эстен чыгарып салды. Ага ылайык, кыйрап бараткан мамлекет кайра бутуна туруп биригет. Англосакстар дароо эле ушул эки мыйзамды бузууга аракет кылып, дээрлик аягына чейин турушту.
Азыр Путин Батышка жөпжөнөкөй талап койду — Россиянын жашоого жана коопсуздукка эле эмес, келечекке да болгон укугун таануу. Бул кеминде тарыхый Россиянын геосаясий биримдигин калыбына келтирбесе ишке ашпай турчу нерсе. Ал эми Батыш буга каршы чыга берсе Россиянын мамлекет катары өмүр сүрүүсүнө коркунуч жаратат.
Союз Батыш ойлоп жаткандай кансыз согуштан утулуп калганы үчүн кыйраган эмес, бул ошол кездеги жетекчилердин айынан болгон. Демек, өлкөнү калыбына келтирүү маселеси да ошол мамлекеттин өзүнүн ички иши. Мындагы маселелер глобалдуу абалга, башка күчтөр менен болгон мамилеге байланыштуу болсо да биринчи кезекте ошол мамлекеттин эрки, каалоосу, сезимдери турат. Россия эч ким менен согушууну, каршылашууну каалабайт, бирок өз жолунан, өз тарыхынан, өнүгүү мыйзамдарынан баш тартууга акысы жок. Анда бул өлкө өзүн да, ата-бабаларды да, келечек муунду да сатканга тете болот.
Мындан улам Россиянын азыркы талабын ультиматум же соодалашуу позициясы деп кабыл албаш керек. Бул жөн гана фактыны констатациялоо, постсоветтик тарыхтын оор учурун жыйынтыктоо жана тарыхый Россия менен анын келечекке болгон ишенимин кайтаруу боюнча декларация. Россия империясынын 300 жылдыгы (ага чейин деле ушундай болчу) жана СССРдин кыйрашынын 30 жылдыгында бул нерсени эске салуу абдан орундуу болду.