Бюджеттин кирешеси баалардын өсүшүнөн көбөйдүбү? Экономисттин жообу

Быйыл мамлекеттик бюджеттин кирешеси 11 айдын ичинде 43,3 пайызга өскөн. Аны пландап жатканда кайсы нерселер эске алынбаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек — Sputnik. 2021-жылы өлкө бюджетинин киреше бөлүгүндө эмненин эсебинен өсүш болгонун экономист Нургүл Акимова Sputnik агенттигине айтып берди.
Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 11 айдын ичинде мамлекеттик бюджеттин кирешеси 43,3 пайызга өскөнүн билдирген.
Sputnik Кыргызстан радиосуна экономист Нургүл Акимова аталган маселе боюнча комментарий берип жатып, быйылкы республикалык бюджеттин кирешеси инфляцияны жана бир катар азык-түлүктүн баасынын жогорулашы эсепке алынбастан пландалганын билдирди.
Экономист Нургуль Акимова
"Эмнеден улам өсүш болду? Бюджеттин кирешелерин пландаштырып жатканда инфляция эске алынган эмес. Анда баалар да төмөн болчу. Тике жана кыйыр салыктар бар. Дал кыйыр салыктардан өсүштү көрүп жатабыз. Анткени азык-түлүктүн өз баасы, айрыкча чет өлкөдөн ташылып келген товарлардын баасы өсүп жатат. Өлкөнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн басымдуу бөлүгүн тышкы экономикалык ишмердүүлүккө жана импортко төлөнгөн салыктар түзөт", — деген Акимова.
Экономист сомдун кунунун түшүшүнө байланыштуу киреше базасы көбөйгөнүн кошумчалады.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев быйыл мамлекеттик бюджет 310 миллиард сом менен жыйынтыкталарын билдирген. Ошондой эле бүгүнкү күндө бюджеттин тартыштыгы жок экенин кошумчалаган.
Пресс-борбор
Жакынкы айларда азык-түлүк кымбаттайбы? Экономика министринин жообу