Кыргызстанга кирген жарандардын ПЦР-тестин текшерүүнү күчөтүү сунушталды

Байсалов жарандардын вакцинанын бустердик дозасын алуу маселесин дагы көтөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Жыйында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен ведомствонун башка кызматкерлери маалымат берген. Ага ылайык, учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу, бирок кары-картаңдарды жана өнөкөт оорусу бар адамдарды эмдөөнүн көрсөткүчүн жогорулатуу зарылдыгы бар экени белгиленди.
"Коронавирустун "омикрон" штаммынын өлкөгө киришин алдын алуу үчүн Кыргызстанга кирген жарандардын ПЦР-тестин текшерүүнү күчөтүү маселеси көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Байсалов жарандардын вакцинанын бустердик (антителону көбөйтүү максатында алынган үчүнчү доза) дозасын алуу маселесин дагы көтөргөн. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ар бир жаран аталган дозаны өз алдынча тандап ала алат жана бүгүнкү күндө республикада вакциналардын жетиштүү запасы бар.
Эскерте кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, бустердик кошумча доза алгачкы эмдөөнүн толук курсу аяктагандан кийин, кеминде алты айдан кийин алынышы керек.
Радио
Жумаканова: Кыргызстандагы COVID-19дун штаммдарын өзүбүз изилдеп жатабыз