Депутат Бакыт Жетигенов эркиндикке чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен 26-ноябрда кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов камактан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
"Биринчи май райондук сотунун 22-декабрдагы чечими менен Бакыт Жетигеновду камакка алуу боюнча бөгөт чарасы жокко чыгарылды", — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен 26-ноябрда кармалган.
Кийин анын кармалышынын мыйзамдуулугун иликтеген депутаттык комиссиянын жетекчиси Айсулуу Мамашова депутат бийликти басып алууга даярданбаганы жана мыйзамсыз негизде кармалганы аныкталганын билдирген. Натыйжада комиссия Жетигеновду токтоосуз негизде бошотуу боюнча токтом долбоорун алып чыккан.
Эске салсак, 8-декабрда парламенттик комиссия Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров мыйзамсыз кармалган деген тыянак чыгарган. Анын негизинде аталган депутаттар абактан бошотулган.
УКМК мурдагы депутат Бактыбек Калмаматовду кармады
Парламент депутат Бакыт Жетигеновду абактан бошотуу чечимин кабыл алды