БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Министрлер кабинети казакстандык Hampton Resources Limited компаниясы менен Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ, ТЭЦ) боюнча кызматташтык жөнүндө бардык токтомдорун жокко чыгарды.
18-октябрда өкмөт энергетиктерге казакстандык компания менен төмөнкү келишимдерге кол коюуну тапшырган:
долбоордук отунду Караганда кенинен КО үлгүсүндөгү байытылган көмүрдү жеткирүү жөнүндө;
иштеген абалдагы 10 Е-220 казан агрегатын, 5 БКЗ-160 казан агрегатын, комплектөөчүлөрдү жана Бишкек ТЭЦинин башка жабдууларын тейлөөгө өткөрүп берүү жөнүндө.
Максаты ТЭЦке ташылган отундун сапатын жана жабдуулардын иштешинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана жакшыртуу, ошондой эле жылытуу сезонуна өтүүнүн стабилдүүлүгүн сактоо деп аталган.
Бирок 10-декабрдагы токтом менен мурдагы документ күчүн жоготту деп таанылды.
Эске салсак, министрлер кабинетинин октябрдагы чечими нааразычылык жараткан. Наталья Никитенко Hampton Resources Limited компаниясы Жаңы Зеландияда катталып, кеңсеси Лондондо жайгашканын билдирген. Ал компанияны укук коргоо органдары тыкыр текшериши керектигин айткан. Депутат кырдаал көп кооптуулукка түртөрүн, тагыраак айтканда, стратегиялык объектинин (Бишкек ЖЭБ) буу казандарынын бир бөлүгү күмөндүү чет элдик компанияга өтүп кетет деп тынчсызданган. Андыктан бул кырдаалда министрлер кабинети ишенимден кетерин эскерткен.
Анда министрлер кабинети компания ЖЭБдин эски мешине Караганданын байытылган көмүрүн ташый турганын, ал алда канча арзан жана таптуу экенин билдирген.