БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстанда жыл башынан бери 200 миңдей жаран автоунаа айдоо укугуна ээ болду. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, январь-ноябрь айларында "Унаа" мекемеси тарабынан улуттук үлгүдөгү 183 003, эл аралык үлгүдөгү 2 167 айдоочулук күбөлүк берилген. Ал эми тракторист-машинисттин күбөлүгүн 797 жаран алган.
Ушул эле мезгилде 390 789 транспорт каражаттары жана чиркегичтер мекемеге катталган. Бул өткөн жылкыга салыштырмалуу 115 миңге көп экени белгиленди.
Мындан сырткары, 2018-жылдан бери утилизациялоого жиберилген автоунаа номерлери 143 тоннага жеткени маалым болду. Ал түстүү металл катары ачык аукцион менен 11 миллион 920 миң сомго сатылган. Түшкөн каражаттын баары мамлекеттик бюджетке которулган.