Бишкекте "Жайшуль Махди"* кыймылынын лидери деген адам кармалды. Видео

Кармалган киши милицияга жеткирилип, куралы соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкекте "Жайшуль Махди" террордук топтун лидери деген адам кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аны милиция менен спецназдын жоокерлери колго түшүргөн. Шектүүнүн жашаган жеринен Калашников кол пулемёту жана патрону жок магазин табылган.
Кармалган киши милицияга жеткирилип, куралы соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөнү кошумчаланды.
* Кыргызстанда тыюу салынган топ.
"Жихад" уланууда: талибдер өзбектерди, ИМ* Өзбекстанды мээлеп турган чагы